Журналистика / Статьи участников Клуба /
КАМСЫЗДАНДЫРУУ ЖАГЫН КАРАШТЫРЫП ЖАТАСЫЗБЫ?

Зирек Асанова
10 октября 2018

Ушул жылдын 9-октябрында Бишкектин Bellagio ресторанында Кыргызстанда камсыздандыруу жана аудитордук кызмат көрсөтүүлөдүн орду тууралуу ушул тармактын көзгө басар айрым ишканаларынын жетекчилери менен журналисттер сааркы чайда кеп курушту.

Тактап айтканда, мында»КПМГ-Бишкек» аткаруучу директору Аида Асырандиева, «Jubilee Kyrgyzstan Insurance Company» төрайымы Валерия Хегай, «НСК» директорлор кеңешинин төрагасы Талант Кемелов жана Аю-Гарант камсыздандыруу компаниясынын башкы директору Санжар Давлеталиев болушту.

Иш-чараны Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков сөздү камсыздандыруу компаниялары – бул экномиканын индикаторлору, экономикабыздагы оош-кыйыштарды мына ушулардын иши аркылуу да билип, жазып, талдап, эл-журтка маалымдап туруу маанилүү экенине токтолуп, ишкана жетекчилерине сөз берип, сөз бүтө электе утуру өзүм баш болуп суроо берген журналисттерге да сылык-сыпаа кайрылып, айтор ушул күнкү максаттын майын чыгаргандай болду.

Кыргызстанда бардыгы болуп алды 21 жылдан, кийинкилери 7 жылдан бери азыркы учурда 17 камсыздандыруу ишканасы иштеп келе жатыптыр. Ал эми бул жааттагы кабыл алынган мыйзамдар камсыздандыруу уюумун уюуштуруу, жашай турган үйлөрдү өрттөн жана бөөдө кырсыктан милдеттүү камсыздандыруу, автокаражат ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу, кооптуу жүктөрдү ташуучулардын жарандык жоопкерчиликтерин милдеттүү камсыздандыруутууралуу экен. Негизинен камсыздандыруу жеке жактардын аракетине караганда юдикалык жактар тарабынан жамааттык (корпоративдик) шартта басымдуу болуп жатыптыр.

Ал эми, бул тармактын ойдогудай өнүкпөй жатышына бийликтеги утуру алмашуулар, жоопкерчиликтин төмөндүгү, элге маалыматтын толук жетпгени, мыйзамдардын аткарылышы үчүн административдик рычагдардын иштебегендиги себеп экендигин жетекчилер бир добуштан белгилеп кетишти.

Мен дагы сөздү бөлүп, силердин ишиңердин калың элдин катмарына жетпей жатышына эмне себеп дегенимде, теледен жарнама берүү өтө эле кымбат, 1 мүнөт эле миң долларды чапчыйыт, алыбыздын жетишинче азыр аз чыгымдуу социалдык тармактарды пайдаланып келе жатабыз деген жооп болду.

Ошол эле учурда Кыргызстанда азыркы учурда 119 аудит компания иштеп, милдеттүү жана демилгелүү багыттарында иш алып барып жатканын «КПМГ-Бишкек» өкүлү айтты. Ал ички аудит ишкананын атайын адиси тарабынан, ал эми тышкысы көз крандысыз эксперттерди тартуу аркылуу жүргүзүлөт, негизги максат каржыны пайдаланууда кыянаттыка жол бербей, ачык-айкындыкты, өнүгүүнү камсыз кылуу деди.

Андан ары айланып келип эле, кайрадан сөз камсыздандыруу жөнүндө болуп, бул иштин жүрүшүндө наркы 1 млн. сомдук нерсени 100 сомго гана камсыздандыр деген сыяктуу, айтор ар кандай түшүнбөстүктөр бар экенин да айтып жатышты.

Сөздүн ток этер жерин айтканда, камсыздандыруу маданияты бизде жакшы өнүгө элек экен деп, дагы калган-каткан суроолорубузга жооп алууга жетиштик. Ал эми ишкерлер болсо азыркы ааламдашууда Кыргызстан бөтөнчө болуп кала бербей, Дүйнөлүк соода уюму, Европа кеңеши жана Эл аралык стандарт талаптары боюнча бул ишти чогуу кызматташуу менен өнүктүрүүгө жетишели деген ниеттерин баса белгилеп кетишти.

Эми бул иш-чарага атайын баргандан кийин, чай ичкенден тышкары, маселени калкка кантип жеткирүү керек дегенде менин эсиме Кыргыздар топук менен айткан эки сөз келди: “Кудай сактаса балее жок”, “Кудай да сактансаң сактайт”.Эми билбейм, жекече алганда, бул маселени канчалык зарылдыгын ар ким өзү карап, чечим кабыл алуу мезгили –учуру окшойт.

Ошентсе да, жогорудагылар белгилеп кеткендегидей, тиешелүү денгээлде жүргүзүлүп жаткан иштерди эсепке албай, сүйүктүү Кыргызстаныбыздын калың журтунун бул боюнча кабар-камылгасын билүү үчүн эгерде (агари) айыл-апаны аралап ЫСТАРАХОВАНИЕ дегенди билесизби? деп сурай эле турган болсом, Төө-Ашуунун о тарабынан “Ол мнээ өзү?”, бу тарабынан “Эмине дейсиң, ыя?” деген суроолуу жоопторду мага таң калуу менен бере тургандар четтен чыгары бештен беп-белгилүү болуп калды.

Зирек Асанова, Бишкек шаары

http://aimak.kg/janylyktar/economica/41978-kamsyzdandyruu-zhagyn-karashtyryp-zhatasyzby.html