Журналистика / Статьи участников Клуба /
“АЙМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ ЖЫЛЫНДА” ТООЛУУ НАРЫН АЙМАГЫНДА КАНДАЙ ӨНҮГҮҮ ОРУН АЛДЫ?

Бактыбек Турсунбаев
30 ноября 2018

Нарын облусу Кыргызстандын түштүк-чыгышында жайгашып, аянты боюнча өлкөбүздүн эң чоң облусу болуп эсептелет. Жалпы аянты 45,2 млн км2, калкынын саны 277,6 миң адам.

Нарын облусунун экономикалык сектордук анализи

Нарын облусунун РДПсы (регионалдык дүң продукт) 2012 – 2016-жылдар аралыгында 32,9 (%) пайызга өскөн, тагырак айтканда, 2016-жылы РДП облустун калкынын адам башына 53,1 миң сомдон туура келген. Кыргызстандын региондору боюнча Бишкек жана Ош шаарларын кошкондо РДП боюнча Нарын облусу 6-орунда турат, төмөндөгү таблицада көрсөтүлгөндөй Ош жана Жалал Абад облусуна караганда көп.

Регионалдык дүң продукт (РДП) – региондогу жыл аралыгында өндүрүлгөн бардык продукциялар жана кызматтар көлөмүнүн жыйынды наркы. Бул региондун экономикалык өнүгүү деңгээли жана арымынын негизинде аныкталуучу экономикалык маанилүү көрсөткүч болуп саналат. РДПнын өсүшү иштегендердин санынын жана турмуш деңгээлинин жогорулаш деңгээли менен коштолот, ал товарлар жана кызмат көрсөтүү керектөөнүн өсүшү менен билдирилет. Турмуш деңгээлин жогорулатуунун негизинде калктын жан башына товарлар жана кызмат көрсөтүү өндүрүшүнүн өсүшү тийштүү.

РДПнын структурасынын көпчүлүк бөлүгүн “кызмат көрсөтүү” тармагы ээлейт, бул тармак өзүнө соода, транспорт, финансы, мейманкана, ресторан ишмердиги жана башка кызмат көрсөтүүнүн түрлөрүн камтыйт. Ал эми өнөр жай багыты Нарын аймагынын экономикасында бюджетти толуктоочу экинчи тармак болуп эсептелет. Жеңил өнөр жай (текстиль, тамак-аш жана айыл–чарба) продуктуларын иштетүүнүн суммасы 2018-жылдын январь-август айлар аралыгында 203 млн 625 миң 9 жүз сомду түзгөн. Ал эми пайдалуу кен байлыктарды казуу жана электр энергия, газ, буу жана кондицияланган аба менен камсыздоо ж.б. тармактарда өндүрүүнүн көлөмүнүн суммасы 2018-жылга карата 1 млрд 204 млн 542 миң сом.

РДП структурасын анализдеп караганда, Нарын өрөөнүнүн экономикасынын перспективдүү багыттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:

Кызмат көрсөтүү рыногу (транспорт, соода, ресторан, мейманкана ж.б. тармактар боюнча ишмердик) – 2018-жылдын январь-август аралыгында рыноктук кызмат көрсөтүүнүн көлөмү болжол менен 4 млрд 539 млн 754 миң 3 жүз сомду түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 5,0 пайызга өскөн.

Кайра иштетүү өнөр жай тармагы – суммасы 1 млрд 204 млн 542 миң 9 жүз сом;

Айыл чарба — чарбанын бардык категориялары боюнча 2018-жылдын январь-август аралыгында 32458 тонна малдын жана канаттуунун эти (тирүү массасында) өндүрүлгөн, же болбосо 2017-жылга салыштырмалуу 2,2 пайызга көп өндүрүлгөн. 87806 тонна сүт алынып, өткөн жылга салыштырмалуу 2,5 пайызга көп, ал эми жумуртка өткөн жылга салыштырмалуу 2,0 пайызга көп өндүрүлүп, анын саны 5386 миң даана, 2175 тонна жүн кыркылган.

Тажрыйбалуу ишкерлерди көбөйтүү зарылчылыгы

Экономиканы көтөрүү үчүн өнөр жай тармагына басым жасап, мамлекетибиздин чет өлкөлөргө болгон экспортунун көлөмүн көбөйтүп жана айыл-чарба тармагында дыйкандарыбыз өндүргөн продукцияларды иштетип, жергиликтүү ишкерлерди көбөйтүү мамлекетибиздин өнүгүүсүнө оң таасирин бермек. Мамлекетибизде ишкердиктин абалы жөнүндө Кыргыз Республикасынын экономика министринин орун басары Абакиров Э. К. төмөнкүлөрдү белгилеп өттү: “Биз кандай көйгөйлөргө туш болуп жатабыз? Бизде өздөрүнүн ишин так билген тажрыйбалуу ишкерлер жетишпейт. Азыр биздин маселе ишкерлерди көбөйтүү болгондуктан ушул маселенин үстүндө иштеп жатабыз. Биз бизнес тейлөөлөрдү, бизнес инкубаторлорду, ишкерлерди окутуунун төрт айлык курстарын ачууга аракет жасап жатабыз. Биздин донорлорубуз бар: Бишкек шаарында JICA, ал эми Ошто ЕККУнун (Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму) өкүлчүлүгү. Мына, биринчи болуп ишкерлерди тейлөө борбору Ош облусунда ачылды. Алар үч, төрт айлык окутуу курстарын өткөрүшөт, салык, финансы жана бизнес консультацияларды беришет. Окутуу курстарынын жыйынтыгы менен конкурс жарыяланып, эң мыкты бизнес планы менен конкурстун жеңүүчүлөрү Япония мамлекетине окууга жиберилет”.

Ишкердик кылуу – жарандардын, жеке жана юридикалык жактардын демилгелүү, өз алдынча, өзүнүн атынан жана өзү тобокелге салып, өзүнүн мүлкүнүн жоопкерчилиги менен жүзөгө ашырып жаткан, системалуу киреше, мүлктү пайдалануудан, товарларды сатуудан, жумуштарды аткаруудан, кызматтарды көрсөтүүдөн пайда алууга багытталган иши.

Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын аймагында жалпысынан туруктуу калктын саны 6 млн 256 миң 7 жүз адам, анын 66 пайызы айылдык аймактарда, ал эми 34 пайызы шаарда жашайт (2018-жылдын 1-январына карата). Калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү айыл жерлеринде жашагандыгына байланыштуу, аймактарда чакан жана орто бизнести, ишкерчиликти өнүктүрүү зарылчылыгы бар. Анткени, практикалык жактан тажрыйбасы мол ишкерчиликти аркалап жүргөн жарандардын аз болушу аймактардын финансы-экономикалык базасынын алсыз болушуна түздөн-түз таасирин тийгизет.

Нарын облусу комплекстүү өнүгүү жолунда…

“Ынтымак бар жерде – ырыс бар,” деп элибиз бекеринен айтпаса керек. Нарын шаарында Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектеби, MSDSP KG(Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасы) коомдук фонду, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү жарандар бири-бири менен тыгыз байланышта биригип, алдыга койгон максаттарына уламдан-улам жетип, жарандарга жакшы шарттарды түзүп жатканы, албетте, жакшы.

Борбордук Азия Университетинин Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз билим берүү мектеби негизинен ар кандай багытта 6 жаштан 60 жашка чейинки жарандардын бардыгына билим берүү кызматын көрсөтөт. Мектеп ЖРТга даярдоо, математика, кыргыз тили, орус тили, англис тили ж.б. жаш өсүрүмдөргө билим берүү жаатында, андан тышкары бухгалтердик эсеп, ишкердүүлүк, финансылык сабаттулук ж.б. багыттарда бардык жарандарга окутууларды жүргүзөт. MSDSP KG коомдук фонду жакшы идеяларды ишке ашыруу үчүн донорлорду таап гранттык же инвестициялык негизде колдоо көрсөтөт. Бул фонддун филиалы Нарын жергесинде өз ишмердүүлүгүн 2007-жылдан баштап, 2012-жылы март айында расмий түрдө каттоодон өткөн. MSDSP KG (Кыргызстандын тоолуу аймактарындагы жааматтардын өнүгүүсүн колдоо программасы) — Ага-Хан Фондунун Демилгеси менен Кыргызстандын айыл жергесиндеги жашоочулардын жашоо шарттарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатын көздөп катталган, ал максатка жетүү үчүн жергиликтүү жамаат жана бийлик органдары менен биргеликте айыл чарбасын, билим берүү жана саламаттыкты сактоону өнүктүрүү боюнча бир топ көп сектордуу программаларды ишке ашыруунун үстүндө.

Түзүлгөндөн тарта фонддун айыл чарба жана азык-түлүк коопсуздугу бөлүмү тарабынан төмөндөгү иштер аткарылган:

малдын ден соолугун жана өтүмдүүлүгүн жакшыртууну камсыз кылуу үчүн, жеке ветеринарлардын ишмердүүлүгүн жогорулатуу максатында 122 ветеринарга окутуулар өткөрүлгөн жана жабдыктар берилген;

7 малды “Купкалоочу ванналар” курулган;

24 канал ондоп-түзөөдөн өткөрүлүп ишке берилген, жыйынтыгында 55454 бенефециянарларга пайдасы тийип келет;

14 кытай стилиндеги күнөсканалар курулган;

100дөн ашык аялдар үчүн 7 чакан бизнес түзүлгөн, ж.б. иштерди жүзөгө ашырып келүүдө.

MSDSP KG коомдук фондунун айыл-чарба жана азык түлүк коопсуздугу бөлүмүнүн координатору Канат Нурманбетов өз сөзүндө: “Фонд түзүлгөндөн тарта Нарын облусундагы бир канча айыл өкмөттөр менен иш алып бардык, кызматташтык. Биз кызматташкан айыл өкмөттөрдүн көпчүлүгү “Мыкты айыл өкмөтү” наамын облус жана район денгээлдеринде алып келүүдө”-деп белгилеп кетти.

Нарын шаарынын тургуну Ысыралиев Калыйкул MSDSP KG коомдук фонду тарабынан жарыяланган конкурстан тандалып күнөскана курган. Кийин Профессионалдык жанаҮзгүлтүксүз билим берүү мектебинде ишкердүүлүк программасын 3 ай окуп, сертификат алган, андан кийин KICB коммерциялык инвестициялык банкынан 350 миң сом өлчөмүндөгү 7 пайыздык кредит алып өз демилгеси менен кошумча экинчи күнөскана курган жана анын чыгымын кийинки эле жылы актаган. Күнөскана кытай ыкмасы менен курулуп, жашылча жемиштерден бадыраң, помидор, анан дагы роза гүлүнүн бир канча түрлөрүн Калыйкул ага өстүрөт. Агабыз бала-бакырасынын, неберелеринин кучагында айылдын эмгекчил адамы экендиги анын сөздөрүнөн жана кылган ишинен билинип турду, анан дагы күнөскана иштетип, бөдөнө, коен, тоок багып ишкердик кылып, кылган ишинен ырахат алары төмөнкү сөздөрүнөн байкалды: “Эртең менен күнөсканага келем, радиону коем, гүлдөн жыттап, бадыраңдан чайнап, иштерди акырындан кыла берем!”

“Эр эмгегин жер жебейт,” дегендей, эмгек кылып, маңдай териң менен тапканыңан жашоодон ырахат алып жашаганга эмне жетсин.

http://aimak.kg/janylyktar/45068-ajmaktardy-өnүktүrүү-zhylynda-tooluu-naryn-ajmagynda-kandaj-өnүgүү-orun-aldy.html