Журналистика / Статьи участников Клуба /
АЙЫЛ ӨКМӨТТӨРҮ БИЗНЕС МЕНЕН АЛЕКТЕНИП ЖАТЫШАБЫ?…

Зирек Асанова
12 декабря 2018

Ооба! Коомубузда ушундай, кооптуу тенденция орун ала баштады,- дедиӨнүктүрүү саясат институт (ӨСИ) башкармалыгынын төрайымы Надежда Добрецова 26-декабрда, Бишкек шаарында, журналисттер үчүн уюштурулган пресс-сессияда.

Айрым айыл өкмөттөрү каражаттарды жергиликтүү маанидеги маселелерди, мисалы ичүүчү сууну, тазалыкты, бала-бакчаларды жетиштүү денгээлде камсыз кылуунун ордуна, курулуш материалдарын, тамак-аш азыктарын өндүрүп чыгаруу, айыл чарба техникаларын ижарага берүү өңдөнгөн коммерциялык иштер менен алектенүүгө багыта ала башташты. Натыйжада, жергиликтүү бюджеттин максаттуу королушу күмөн жаратууда.Элден жыйналып, топтолгон акчаны кайра элдин жыргалчылыгына, болгондо да, максаттуу жана сарамжалдуу жумшоо ар бир айыл өкмөтүнүн негизги милдети,-деп өтө кабатыр болду Добрецова айым.

Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өз бюджетинин киреше бөлүгүн бизнес менен жогорулатууга болот дегенден этият болуулары керектиги тууралуу ЭҮЖӨБОЖ долбоорунун жетекчиси Бекболот Бекиев кенен түшүндүрүп берди.

Айыл өкмөттөрү өз аймагында кийим тигүү, бут кийим оңдоо, автотранспортторду оңдоп-тескөө, коомдук тамактануу, соода-сатык, транспорт кызмат көрсөтүү ж.б. бизнес алкагындагы иш-аракеттердин иштешине тиешелүү шарттарды түзүп берүүгөгана милдеттүү. Тактап айтканда, жергиликтүү кеңештин чечими менен жер тилкелеринин пайдаланылышына уруксат алып берүү, жергиликтүү салыктардан жеңилдиктерди караштыруу кызматтарын аткарат. Анткени, айыл өкмөттөрүнүн ыйгарым укуктары, так аткара турган иштери тууралуу тиешелүү мыйзам талаптарынан тышкары чыгууга укуктары жок. Эгерде жергиликтүү маанидеги маселени чечүүгө тиешелүү муктаждык орун алып жаткан болсо, анда жергиликтүү коомчулуктун уставында белгиленген шарттарды эске алуу менен, муниципалдык менчиктеги мекеме-ишканаларды ачуу аркылуу ишти улантууга боло турганын айтты.

Бекиев мырза сөз арасында долбоор чегинде чет жактарга чыгып, чеке жылытарлык иштерди өз көздөрү менен көрүп келишкендигин да айта кетти. Маселен Грузиядага революциядан кийин ГАИ-МАИ жагындагы реформалык жылыштар, Балтика өлкөлөрүндөгү өр алган иштер. Ушул өлкөлөрдүн биринде 8 миңге чукул жашаган бир айылдык аймактын жомоктогудайспорт залында машыгуучулар үчүн эле эмес, көрүүчүлөр үчүн дагы шарт түзүлүп, ошол жерден дүйнө чемпиондугуна 4 адам жетишиптир.

Ал эми, ӨСИ эксперти Бектурган Орозбаев укук маселесиндеги айрым урунттуу учурларды унутпоо тууралуу сөздү улап, айыл өкмөттөрүнүн мыйзамдан алыстаган аракеттери эртең эле Эсептөө палатасы тарабынан айкын болуп, жооп берүүгө туура келерин айтты.

Көйгөйдүн мындай актуалдуулугун жана коомчулуктун ага болгон чоң кызыкчылыгын эске алып, Өнүктүрүү саясат институту Кыргызстандын жети дубанында жалпы журналисттеринин жана медиа өкүлдөрүнүн катышуусунадыг мына ушундай пресс-сессияларды өткөрүүгө жетишти.

Иш-чара Швейцариялык өнүктүрүү жана кызматташтык агенттиги (SDC) аркылуу Швейцария Өкмөтү тарабынан каржыланган “Элдин үнү жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жоопкерчилиги: бюджеттик процесс” долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Долбоор тууралуу www.vap.kgсайтынан толук таанышууга болот.

Зирек Асанова, Бишкек шаары

http://aimak.kg/janylyktar/economica/23837-ajyl-%D3%A9km%D3%A9tt%D3%A9r%D2%AF-biznes-menen-alektenip-zhatyshaby.html