Журналистика / Статьи участников Клуба /
Өлкөмдүн экономикасынан да "чөнтөгүмдүн" экономикасы көбөйсүн деген кадрлар көбөйдүбү?

Сайпидин Султаналиев
12 декабря 2018

Кыргызстандын экономикасы коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу артта калып жаткандыгынын бирден бир себеби, өлкөбүздөгү кадр саясатынын туура эмес жүргүзүлүп жатканы менен байланыштуу экендигин турмуш далилдеп жатат.

Өлкө башчыбыздын "экономиканы өнүктүрөм, пенсияны көтөрүп, айлык маянаңарды 26 миң сомго чейин жогорулатам" деп шайлоо учурунда сүйлөгөн сөзү социалдык тармактарда күндө кайталанып жаткандыгына күбө болуудабыз. Мындай убаданы буга чейинки качып кеткен, элин атып кеткен мурдагы президенттердин оозунан да далай укканбыз. Бирок, азыркыдан айырмаланып ал мезгилде интернет деген нерсе жоктугунан "оозун куу чөп менен аарчыган" куру убадалардын карапайым калкка улам-улам кайталанып көрсөтүп туруу мүмкүнчүлүгү жок эле.

Чындыгында ар бир ажо алгач бийликке аттанып жатканда “Кыргызстанда эң биринчи кезекте экономиканы өстүрөм, жумуш орундары менен камсыз кылам, мугалимдер менен дарыгерлердин айлыктарын көбөйтөм” деген чакырыктар менен келет. Бирок бийликке жеткенден кийин эле өлкөнүн экономикасы эстен чыгып, кадрларды каалагандай алмаштырып, жакпаганын кетирип, сөзүнөн чыкпаганын өзүнө тартып убакытты өткөрүп жатып элдин нааразычылыгын пайда кылат. Майлуу-сүттүү орундарга өлкө экономикасын ойлогондор эмес, "чөнтөк" экономикасын жакшы өздөштүргөндөр ээлейт да калат.

Пекиндеги Кытай Эл аралык мамилелер институнун Борбордук Азияны изилдөө бөлүмүнүн башчысы, профессор Дин Сяосин: - “Кыргыз мамлекетинин жалпы абалы жакынкы коңшу өлкө катары бизди дагы ойлондурбай койбойт. Коңшу мамлекетибиздин экономикалык абалынын жеткиликтүү деңгээлде жакшырбай жатышынын бирден-бир себеби, кадр саясатынын туура жолго коюлбай жатканы менен байланыштуу. Эгемендүүлүккө ээ болгону отузга чукул премьер-министрдин алмашканы, тактап айтканда, кадрдык туруксуздук өлкөнүн экономикасына түздөн-түз терс таасир этет. Өлкөдөгү кадрдык өзгөрүүлөр эң биринчи кезекте экономикалык, социалдык маселелерди жолго коюу үчүн, ошондой эле ар бир жарандын күнүмдүк жашоосун жакшыртыш үчүн зарыл. Ошондуктан Кыргыз өкмөтү экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү аракетин ойлонушу керек. Премьерлердин алмашканы экономикалык өсүшкө, бакубаттуулукка алып келбесе, элдин турмушун жакшыртпаса, жумуш орундары түзүлбөсө, бийликке болгон элдин нааразычылыгы күчөйт” - деген пикирин билдирди.

Жакында КР Премьер-министри М. Абылгазиев өкмөттүн кезектеги кеңешмесин өткөрүп, анда 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору талкууланды. Талкууда КР финансы министри А. Касымалиев КРнын 2019-жылга республикалык бюджетинин долбоору жана 2020-2021-жылдарга болжолу боюнча баяндама жасап, өлкөнүн 2019-2021-жылдарга карата негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн атады. Анын маалыматы боюнча, 2019-жылы ички дүң продуктунун өсүшү – 4,0%, 2020-жылы ИДП өсүшү – 4,4% деңгээлди түзө тургандыгын билдирди.

Ооба кудайдын кулагы сүйүнсүн. Чындап эле министр мырза айткандай экономикалык өсүүнүн шарты жакшырса гана, атаганат... Бирок, тилекке каршы биздеги кадрлардын туруксуздугу дагы да жарала бере турган болсо, “өргө карай жол улайм” деп жаткан экономикабыз кайрадан ээринен шыпырылып түшчүдөй туюлат.

Нарын облусундагы “MSDSP KG” (Кыргызстандын тоолу аймактарындагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасы) коомдук фондунун Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү бөлүмүнүн кызматкери Канатбек Нурманбетов учурда Кыргызстанда жогорку мамлекеттик кызмат орундары гана туруксуз болбостон, айылдардагы муниципалдык кызматта иштеген кадрлардын туруксуз болуп жаткандыгы да экономиканын өнүгүшүнө терс таасирин тийгизе турган маселе экендигине токтолду.

–“Айыл өкмөттөрдө иштеген билимдуу кадрлардын туруксуздугу адатка айланып калгандай. MSDSP KG коомдук фондунун тоолу аймактардагы жамааттардын өнүгүүсүн колдоо программасынын алкагында биз Айыл өкмөттөр менен түздөн-түз иш алып барабыз. Айыл өкмөттөрдө дагы кадрдык туруксуздуктардын болуп жатканына өзүбүз күбө болуп жүрөбүз десем жаңылышпайм. Мисалы, биз ар бир айыл өкмөттүн өнүгүү стратегиясы менен таанышып, кем-карчыларын кайрадан түзүп чыгуу үчүн жумушчу топ түзөбүз. Ал жумушчу топ 30 адамдан турат. Анын курамына айыл өкмөттөгү иштеген кызматкерлер, жергиликтүү кеңештин депутаттары, ошондой эле айыл аймагына караштуу коомдук уюмдардын мүчөлөрү жана жарандык активистер кирет. Биздин уюм аларга айылдарды өнүктүрүү планын түзгөнгө көмөк көрсөтөт жана окутат. Ошолордун ичинен айыл өкмөттө иштеген жаш, билимдүү, мыкты адамды катчы кылып тандап алып аны менен түздөн-түз иш алып барабыз. Тактап айтканда ал адамга заманбап технологияларды кантип пайдалануу, өнүгүү программасынын түзүү, муниципалдык менчик деген эмне, салыктардын кандай болуп келип чыгуусу тууралуу, айтор ар кылдуу темада тренингдерди өткөрөбүз. Тактап айтканда, мыкты адистерди даярдайбыз. Анан эле адамдар көп иштебей ал жумушун таштап, башка көбүрөөк айлык төлөгөн уюмдарга которулуп кетет же болбосо айлык акынын аздыгынан башка тармактарга өтүп кеткендер көп болот. Мына ушундай кадрдык калпыс көрүнүштөр дагы айыл экономикасынын батыраак көтөрүлүп кетүүсүнө өз кедергисин тийгизип жатат", - деди К. Нурманбетов.

Мыкты кадрдын колундагы өлкө бат өнүгөт

Учурда Россиянын Санкт-Петербург шаарында ишкердик кылган Дамира атуу айымдын айтканына караганда Кыргыз мамлекетинин экономикасынын өспөй жатканынын негизги себеби жогорку бийлик бутактарында өлкө экономикасын өнүктүрүүдөн көрө чөнтөк экономикасын өнүктүрүүгө бел байлаган кадрлардын топтолуп жатышында.

-Кыргыздар жумушсуздуктун айынан мамлекеттин көзүн карабай, өз арабасын өзү тартайын деген ниетте, ар кайсы өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Алардын катарында мен дагы бармын. Жогорку экономикалык билимим бар. Окуумду аяктагандан кийин эл катары мамлекеттик кызматтардын биринде иштеп калсам деген тилек менен конкурска катышууну туура көрдүм. Анын да өзүнчө процедуралары көп экен. Алгач мамлекеттик кадр кызматынан барып тестирлөө сынагынан өтүп келүү керек. Окуум мыкты болгондуктан, ары аябагандай даярдангандыктан босоголук баллды топтой алдым. Мен жумушка орношуп калам деген ойдо өзүм көздөгөн мекемеге аңгемелешүүгө келдим. Жетекчи мени менен аңгемелешкенден кийин "сизди өзүбүз телефон чалып чакырабыз"- деп айткан. Алардын телефон чалуусун 3 ай күттүм. Акыры чыдабай өзүм барсам ал жерге эчак эле башка адамды жумушка алып койгонун айтышты. Кандай адам болду экен деп кызыгып сураштырып көрсөм, ал менин курсташым экен. Ал жигитти жакшы таанучумун. Окууну каридордо жүрүп бүтүргөн, дайыма бардык маселени акча менен гана чечүүгө болот деген ишенич менен окуган курсташым, шаардык кеңештин депутатынын тууганы болучу. Андай адамдар менен өлкө экономикасын көтөрүү мүмкүн эмес экенин бөркүмдөй билем. Капчыгы калың адамдарды жумушка алган жетекчилер деле өлкөнүн экономикасынан көрө өз чөнтөгүнүн экономикасын жогору койгон адамдар экендигин түшүндүм. Тааныштар аркылуу Россияга баса бердим," - деди мамлекеттик кызматкерлерден көңүлү калганын билдирген Дамира айым.

Чындыгында эле өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн өкмөт тарабынан чечкиндүү кадамдар жасалып, реформа жүрбөсө, анын ичинде эң башкы маселе кадр саясаты туура жолго коюлбаса, ансыз да аксап, бир буту менен араң жылып бара жаткан экономикабыз эки аягынан ажырап калуу коркунучу жаралууда.

http://aary1.com/ekonomika/ekonomikanyn_ospoi_zhatyshyna_kadrlardyn_turuksuzdughu_tuzdon_tuz_taasir_etiet