Журналистика / Статьи участников Клуба /
Экономиканы эселеп көтөрүүчү тармак

Сайпидин Султаналиев
12 декабря 2018

Учурда жеңил өнөр-жай Кыргызстанда экспортко чыккан саналуу тармактардын арасында орчундуу орунду ээлейт. Өлкөбүздө даярдалган кийим-кечелердин 90 пайыздан ашыгы алыскы жана жакынкы чет мамлекеттерде сатылууда. Бул тармакта ишкердик кылуучулардын саны күндөн-күнгө өсүп жаткандыгынын себеби да анын кирешелүүлүгүн айгинеленет. Республика боюнча 100 миңден ашык адам тигүүчүлүк багытында расмий каттоодон өткөнү менен канча киши бул тармакта эмгектенери тууралуу так маалымат жок.

Өлкөбүздө жеңил-өнөр жайдын өнүгүүсү, өзгөчө кийим тигүү тармагы тууралуу сөз кыла турган болсок, бул багыт экономикага жигердүү салымын кошуп эле тим болбостон, мамлекетибиздеги көйгөйлүү көрүнүш – жумушсуздук маселесин жоюуга чоң таасир тийгизип, көптөгөн жарандарыбызды чет мамлекетке чыгарбай, жумуш орду менен камсыз кылган тармак катары чоң мааниге ээ. Өкмөттөн бир тыйын жардам албай, өз арабасын өзү сүйрөп учурда бутуна туруп калган ишкерлерибиздин да саны арбып барат.

Азыркы мезгилде 300 миңдей адамдын үй-бүлөсүн багып, экономикабызга реалдуу салым кошкон тармак дал ушул тигүүчүлүк.Мындай цехтерде тигүүчүлүк кесипти туруктуу аркалагандардан тышкары студенттер сабактан кийин же каникул учурунда иштеп, аздыр-көптүр өздөрүнө каражат таап алууга жетишет. Тактап айтканда, мамлекетибизде жумушсуздукту жоюп, карапайым калктын күн кечиришине опол тоодой жөлөк болуп жаткан Кыргызстандын бирден-бир көзгө басар өндүрүштөрүнүн бири десек туура болот.

Акыркы 15 жылда текстиль тармагы өлкө экономикасынын негизги 5 тармагынын бири болду. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда тигилген кийим-кечектин экспорту көлөмү боюнча алтын жана айыл чарба азыктарынан кийинки катарда турат. Социалдык көйгөйлөрдүн чечилишин шарттап, экономиканы көтөрө турган тармак болуп саналат.

Жеңил өнөр жайдын негизин Бишкекте жана Чүй облусунда жайгашкан тигүү ишканалары түзөт. Себеби, бул аймактардан тигилген товардарды сатуу, ошону менен бирге эле экспорттоо мүмкүнчүлүгү жогору болгондуктан, анын үзүрүн көрүп жаткан ишкерлер көп. Бирок, мамлекет тарабынан же болбосо жергиликтүү бийлик тарабынан кайсы бир деңгээлде жардам болуп турса дейт өз алдынча ишкерлик кылган Махабат айым.

-Мен 10 жыл мурда айылдан келип тигүүчү болуп иштеп баштагам. Акырындап олтуруп өзүм тигүү цехин ачып алдым. Алты жылдан бери иштетем. 10 адам карамагымда иштейт. Булар дагы үй-бүлөсүн багуу үчүн ушул жерде эмгектенишет. Бирок бизде дайыма эле үзгүлтүксүз жумуш боло бербейт. Бардыгы келип эле буйрутмачыларга келип такалат. Эгер алардын иши жакшы жүрүшсө биз дагы учурунда айлык менен камсыз болуп турабыз.

Буйрутма берүүчүлөрдү дагы өзүбүз издеп таап, алар менен келишим түзүп иштейбиз. Бизде дагы “мертвый сезон” деген болот. Тактап айтканда, буйрутмачылар кыш мезгилинде абдан аз кайрылышат. Ишибиз жүрбөй жатса деле патенттин суммасы мурдагыдан өзгөрбөйт. Ишиң жүрүп атабы же токтоп калдыбы баары бир баягы акчаны төлөөгө туура келет. Ошондуктан ушул мезгилдерде патенттин баасын төмөндөтүп турса деген ойду айткым келет.

Тигүү тармагынын Кыргызстанда жакшы өнүгүп жатканын жакындан билген адам катары ушул багыт боюнча ишкердик кылсам деген ойдо өздүнүн ишканасын ачып иштетип көргөнгө аракеттенип, бирок ар кандай тоскоолдуктардан улам иши жүрбөй, учурда Бишкектин тигүү цехтеринин биринде иштеп жаткан Мээрим Жалалэдин кызы төмөндөгүлөргө токтолду.

-Мен өзүм жаштайыман, тактап айтканда 6-7-класста окуп жүргөндө эле тигүүчүлүк өнөрдү өздөштүрүп алгам. Окуумду бүткөндөн кийин Бишкекке келип тигүү цехтеринин бирине жумушка орношуп, тажрыйба топтогондон кийин өз алдынча тигүү цехин ачып иштетип көрүүнү туура көрдүм. Алгач бардыгын алдын ала пландап алгандай эле болгом. Топтогон акчама тигүүчү машиналарды сатып алып, ижарага алганга имарат издей баштадым. Анын баасынын 1чарчы метри 100сомдон 150 сомго чейин экен. Арзаныраак жерден алайын десең транспортко алыс болуп калат.

Айласыз кымбат жерден алганга туура келип, топтогон акчам тигүүчү машина сатып алып, ижарага имарат тапканга араң жетти. Арга жок кредит алууга аракет кыла баштадым. Айылдан келгендигиме байланыштуу мен Бишкекте туруктуу каттоодо жок элем да. Кредит берүүчү жерлер туруктуу дарегиңди, иштеген жеринди, алган маянаңды, кирешеңди далилдеген кагаздардын топтомун сурайт экен.

Аны далилдеп бере албагандан кийин сага эч нерсе бербейт же пайызы өтө жогору кредит алууга туура келет. Ага деле карабай ала берсең, өзүңдүң пайдаңа эмес, кредит берген банктын пайдасы үчүн гана иштеп кала тургандайсың. Ошону менен шымааланып баштаймын деп жаткан ишкердигимди токтотууга туура келди. Ошондуктан мамлекет тарабынан ишкердик менен алектенем дегендерге арзан пайызы менен кредит, ошондой эле ижара акылары арзаныраак имараттар менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүлсө жакшы болмок. Мен сыяктуу абалга кептелгендер толтура. Ошондой кыздардан ушул ишканада үчөөбүз иштейбиз.

Кыргызстандын экспортунун жалпы түзүмүндө тигүү тармагы алтын жана айыл-чарба азык-түлүктөрүн экспорттоодон кийинки үчүнү орунда турагандыгын айтып келебиз. СССР учурунда Кыргызстан жеңил өнөр жайы боюнча маанилүү орунду ээлеп, өзүн-өзү камсыздап, Орто-Азиядагы өлкөлөрдүн лидери болуп саналган.

Эгемендүүлүккө ээ болуп өз келечегинин ачыкын өз колуна алган өлкө катары, мурдагы лидерлик позицияны кайра кайтарып алуу үчүн бул тармакка мамлекет тарабынан да олуттуу көңүл бурулуусу зарыл.

Өлкөнүн экономикасын чыңдап алдыга жылдыруу аракетин көрүү үчүн тигүү тармагында ишкерлик кылам деген жаштарыбызга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү учурдун талабы...

http://aary1.com/ekonomika/tighuuchuluktun_uzuru_mienien_umutu