ЭИК мүчөлөрү
үчүн кирүү

Сайтыбыздын жабык бөлүкчөлөрүнө ЭИКтин мүчөлөрү гана кире алат.Эгерде Сиз ЭИКтин мүчөсү болсоңуз, логин жана ачкыч сөзүңүздү ушул жерден териңиз.Логин жана ачкыч сөзүңүздү алыш учун, бизге кайрылууңузду суранабыз.

Жаңылыктар / ЭИК Мүчөлөрдүн жана Өнөктөштөрдүн Жаңылыктары /
Компаньон Банкынын депозиттери дагы пайдалуу болуп калды!

19 декабрь 2017

Компаньон Банкы жаңы жыл майрамынын алдында «Үзгүлтүксүз киреше» депозити боюнча чендерди кайра карап чыкты. Эми жеке жактар сом менен 2 жылдан узак мөөнөткө жылдык 12% дык депозитке акча сала алышат. Бул продукт бир гана акча каражаттарын үнөмдөөнү эмес, депозиттер боюнча максималдуу киреше алууга мүмкүнчүлүк берет. Аманаттын минималдуу суммасы 1000 сом. Пайыздар ай сайын төлөнөт.

Мындан тышкары, интернет-банкинг кызматы аркылуу депозиттик эсепти алыстан караса болот, бул продукттун дагы бир ыңгайлуулугу.

«Үзгүлтүксүз киреше» депозитин Компаньон Банкынын бардык бөлүмдөрүндө ачса болот. Толук маалыматты www.kompanion.kg сайтынан жана байланыш-борборунун: (312) 33-88-00, 88 00 номерлери боюнча алса болот. (мобилдик чалуу акысыз).

Эске сала кетсек, Компаньон Банкы депозиттерди коргоо Агенттигинин мүчөсү болуп саналат, ал Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык банктын аманаттарын коргоого кепилдик берет.