Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Компаньон багбанчылыктын өнүгүшүнө салым кошууда

21 октябрь 2015

Компаньон региондо багбанчылыкты өнүктүрүүгө багытталган онунчу алма фестивалын өткөрдү. Быйыл иш-чара 2015-жылдын 10-октябрында Ош облусунун Ноокат районундагы КыргызАта айыл өкмөтүнүн Көтөрмө айылында өткөрүлдү.

Фестивал бир аянтта багбандарды, сатып алуучуларды, алмаларды иштетип чыгаруучуларды топтоп, тажрыйба алмашуу, өнөктөштүк түзүүгө мүмкүнчүлүктөрүн түздү.

«Биз алмаларды сатуу маселесине туш келебиз, алмалар арзан сатылат. Жергиликтүү калк үчүн бул иш-чара пайдалуу болду, кээ бирөлөр ошол эле жерде келишимдерди, өнөктөштүк түзүштү», - деп айтып берди Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Мамакулу Асанов.

Иш-чарада дыйкандар 1,5 тоннго жакын алманын 20дан ашык сортун көрсөтүштү.

Фестивал жергиликтүүлөр үчүн чыныгы майрам болду – викториналар жана оюн-зооктор, алма азыктарын дегустациясы, концерттик программа кызыктуу өттү.

«Компаньон Кыргызстанда айыл чарбанын өнүгүшүнө өзгөчө көңүл бурат. Түшүмдү көбөйтүү жана айылдын экономикалык потенциалын бекемдөө үчүн Компаньондун штатындагы агроном жана ветеринарлары өсүмдүк өстүрүүчүлүк жана мал чарбачылык боюнча акысыз кеп-кеңештерди беришет», - деп айтып берди МФК «Компаньон Финансылык Уюму» ЖАКтын башкармалык төрагасы Уланбек Термечиков.

Онунчу Алма фестивалынын алкагында тегерек стол өттү. Айыл чарба департаментинин, мөмө-жемиш питомниктердин жана биолаборатория өкүлдөрү, багбанчылар региондо багбанчылыктын өнүгүшүн талкуулашып, тамчылатып сугарууну колдонуу, химиялык каражаттарын колдонуусун азайтуу, өлкө ичинде жана чет өлкөдөгү сатуучулар менен өнөктөштүк түзүүгө багытталган багбандардын бирикмесин түзүү боюнча токтом чыгарышты.

Компаньон 2006-жылдан баштап Алма фестивалдарын өткөрүп жатат. Кийинки фестивал Баткен облусунун Кадамжай районунда өткөрүлөт.