Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Өзгөн шаарында Ишкердүүлүктү жана сооданы колдоо борборунун «Бирдиктүү терезеси» ачылды

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП)
16 сентябрь 2015

Өзгөн шаарында 12-сентябрда БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун колдоосунда түзүлгөн Ишкердүүлүктү жана сооданы колдоо борборунун (ИСКБ) «Бирдиктүү терезесинин» ачылыш аземи болуп өттү. «Бирдиктүү терезе» Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын имаратында жайгашкан. Анын ачылыш аземиндее Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов, Өзгөн шаардык мэриясынын, Өзгөн райондук администрациясынын жетекчилери, салык башкармалыгынын кызматкерлери, БУУӨПтүн өкүлдөрү, ишкерлер жана шаардын тургундары катышышты.

«Бирдиктүү терезенин» принциптерин ишке киргизүү салык төлөөчүлөрдү каттоодон, патенттерди, КНС эсеп-фактураларды берүүдөн баштап декларация жана отчетторду кабыл алууга чейинки салык төлөө боюнча түрдүү кызмат көрсөтүүдө ишкерлер менен калкты колдоого багытталган. Баардык кардарлар ар кабинеттерди издеп же бир нече жолу келип-кетүүдөн арылып, бир жерде гана тейленет. Мындай өзгөрүүлөрдүн аркасынан тейлөө сапаты жакшырып, салык төлөмдөрүн чогултуу да өсөт деп күтүлүүдө.

«Мамлекет органдарынын биринчи кезектеги милдети элге жана бизнеске оңтойлуу шарттарды түзүп берүү. «Бирдиктүү терезе» принциптерин колдонуу калкты тейлөө сапатын кыйла жакшыртат жана салыктык тескеп-башкарууну жана эреже-процедураларды ишкерлер менен башка баардык салык төлөөчүлөр үчүн ыңгайлуу кылууга жардам берет. Биз Өзгөн районунда жергиликтүү бийлик, салык кызматы жана тургундардын ортосунда жакшы кызматташтык түзүлгөндүгүн белгилеп кеткибиз келет. Бириккен Улуттар Уюмунун Ош облусундагы өнүктүрүү программасы мындан ары да жергиликтүү экономиканын өсүшүнө оң таасир берген демилгелерди колдой берет», - деди Азамат Касымов, «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун Ош облусу боюнча координатору.

«Бирдиктүү терезенин» ачылышы көп тараптуу өнөктөштөрдүн катышуусу менен ишке ашты. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматы 320 миң сом салым кошуп, ал эми Өзгөн шаардык мэриясы жага Өзгөн райондук администрациясы 100 жана 70 миңден бөлүп беришти. Бул каражатка «Бирдиктүү терезенин» бөлмөсүндө оңдоп-түзөө, электр зымдарын жана компьютер тармагын монтаждоо иштери аткарылды. БУУӨПтүн «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоору тарабынан 300 миң сомдон ашык каражатка баардык эмеректер жана компьютердик жабдуулар камсыздалды.

«Өкмөт калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатууга чоң көңүл бурууда. Мындай борборлордун ачылышы бул милдеттердин аткарылышына багытталган. «Бирдиктүү терезе» принциптерин ишкер киргизүү замандын талабы, андыктан биз мындай борборлорду республика боюнча ачып жатабыз», - деп белгиледи Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Замирбек Осмонов.

«Бирдиктүү терезе» жакынкы арада Өзгөн шаарында ачыла турган Ишкердүүлүктү жана сооданы колдоо борбору менен тыгыз кызматташат, жана ошондой бизнес жүргүзүүгө керек болгон салык төлөө процедуралары жана милдеттери тууралуу ишкердерди маалымдоого жана аларга кеңештерди берүүгө жардам берет.

Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын имаратында жайгашкан «Бирдиктүү терезенин» ачылышы Финляндиянын Тышкы иштер министрлиги тарабынан каржыланган «Соодага көмөк көрсөтүү» долбоорунун алкагында колдоого алынды. Долбоор БУУӨПтүн Ош облусунун аймагын ар тараптуу өнүктүрүү программасынын алдында иш алып барат.

Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) кризиске туруштук бере алган жана ар бир адамдын жашоо шартын жана сапатын жогорулатуучу экономикалык өсүүнүн деңгээлин башкарып жана сактай алган улуттарды курууга көмөктөшөт жана коомдун баардык катмарлары менен тыгыз кызматташат. Жергиликтүү деңгээлде 177 өлкөдө иш алып баруунун аркасында, биз дүйнөлүк перспективаны сунуш кылалабыз жана жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү терең түшүнүү аркылуу жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана жашоого жөндөмдүү улуттарды курууга жардам көрсөтөбүз.