Жаңылыктар / ЭИК жаңылыктары /
Компаньон Кыргызстандын алыскы аймактарында мектепке чейинки билимдин өнүгүшүн колдоп жатат

28 июль 2015

Компаньон эки жыл бою “Жайлоодогу бала бакчалар” аттуу долбоорун колдоп жатат. Долбоордун максаты балдарга мектепке чейинки билим алууга мүмкүнчүлүк түзүү. Жайлоодогу бала бакчаларда жайлоодо убакыт өткөргөн малчылардын балдары негизги билимди алып, атайын окуу программаны өтүшөт. Долбоордун уюштуруучусу «Роза Отунбаеванын Демилгеси» УКФ.

Бул жылы Компаньон Кыргызстандын бүт аймактарында 10 бала бакчанын ачылышын толук жарамдуу иштөөсү үчүн керектүү материал жана тренингдер менен камсыз кылып колдоду. Микрокаржылык компаниянын кызматкерлери бала бакчалардын салтанаттуу ачылыштарына катышып, балдар үчүн оюндарды уюштуруп, чабандар менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Компаньондун агрономия жана ветеринария боюнча адистер ата-энелер, тарбиячылар жана жергиликтүү жамаатттар үчүн туура тамактануу жана жайыттарды рационалдуу колдонуу боюнча билим берүүчү тренингдерди өткөрүшөт.

Социалдык-жоопкерчиликтүү каржылык институт катары Компаньон Кыргызстандын жамааттарын өнүктүргөн демилгелерге колдоосун уланта берет.

Маалымат: Компаньон Финансылык Уюму 2004-жылы Кайрымдуулук Корпус тарабынан уюштурулган. Азыркы күндө компаниянын Кыргызстан боюнча 122 офис жана 114 000ден ашык активдүү кардар бар. Компаньон каржылык кызматтарын гана бербестен, бизнести өнүктүрүү боюнча кызматтарын сунат. Компаньон штатында жогорку квалификациялуу 32 агроном жана ветеринарды камтыган жалгыз уюм. Көбүрөөк маалымат: www.kompanion.kg