Биз тууралуу /
Миссия

Эл аралык ишкерлер кеңеши (ЭИК) – Кыргызстандын экономикасындагы инвестициялары жалпысынан миллиарддан ашык АКШ долларын түзгөн ата мекендик жана эл аралык бизнес өкүлдөрүнүн кеңири чөйрөсүн камтыган бизнес-ассоциация. Инвесторлордун жалпы кызыкчылыктарын алдыга жылдыруу жана өзүнүн мүчөлөрүнө тиешелүү маалыматтарды жана консултацияларды берүү менен катар, зарыл мыйзам актыларын алга жылдыруу жана натыйжалуу иш ыкмалары, Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен, ошондой эле ар кандай жергиликтүү жана чет өлкөлүк уюмдар менен биргелешип иш алып баруу аркылуу Кыргызстанда жагымдуу инвестициялык климатты түзүү ЭИКтин миссиясы болуп саналат.

ЭИК коррупцияга каршы күрөшүүдө, социалдык-экономикалык адилеттүүлүккө бөгөт койгон мыйзамдар менен тажрыйбаларды өзгөртүүдө өкмөт менен, жергиликтүү жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.