Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Экономика: өзгөчө кырдаал мыйзамы, кечиккен талкуу

Азаттык
12 август 2021

Экономика жана финансы министрлиги бизнес коомчулукту чогултуп, экономикада өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзамды чечмелеп берди.

Ишкерлер жана юристтер документ парламентте кабыл алынганга чейин талкууланбай калганын сынга алышып, андагы коркунучтарды эскертишти. Мурдараак жетимиштей бизнес ассоциация президенттен мыйзамга вето коюуну өтүнүшкөн Экономика: өзгөчө кырдаал мыйзамы, кечиккен талкуу

Аргументтер кагылышы

Кеп болуп жаткан министрлик тиешелүү талкууну масштабдуу нааразылыктан кийин, 12-августта уюштурду. Анда мыйзамды Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров жана анын орун басары Данияр Иманалиев өздөрү коргоду.

Иманалиев алгач кыска презентация жасап, экономикада өзгөчө кырдаал режимин киргизүү боюнча мыйзамдын алкагында дагы кайсы-кайсы мыйзамдарга өзгөртүү киргизилерин түшүндүрдү. Башында маалымдалгандай, мыйзам долбоордун алкагында 15ке жакын мыйзамдык жана ченемдик акт өзгөртүлөт.

“Бул мыйзам биринчи кезекте экономикадагы терс өзгөрүүлөргө мамлекеттин ыкчам реакция кылуусун камсыз кылууга багытталган. Анын ичинде баалардын туруктуулугун, азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо, ишканаларды колдоо, жумуш орундарын сактап калууга жардамчы болмокчу. Ошондой эле атаандаштыкта бирдей шартты жаратуу жана көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруу да максатын көздөйт”,-деди Данияр Иманалиев.

Экономикага өзгөчө кырдаал киргизүү мыйзамын Министрлер кабинети 27-июлда демилгелеген. Алгач ал биринчи окууга гана киргизилери кабарланып, бирок парламент каникулга чыгып жатканына байланыштуу шашылыш кабыл алынган. Тагыраагы, Жогорку Кеңеш 29-июлда аны үч окууда тең талкуулап, кабыл алды. Мыйзам долбооруна 81 депутат макул, эки депутат каршы добуш берди.

Министрликтин жетекчилиги ишкерлер баштапкы мыйзамды сындап жатканын белгилешип, кийин парламенттин талкуусунда ал кыйла алымча-кошумчалар менен кабыл алынганын маалымдоодо.

Министр Акылбек Жапаров азыркы мыйзамдар кризистик маалда чечим кабыл алууда өкмөттүн колу-бутун байлап жатканын, зарыл чараларды көрүүдө ар бир жолу парламенттин макулдугун алуу иштерди кечеңдетип жатканын айтты. Ал соңку мыйзам мына ушуну аттап өтүүгө убактылуу мүмкүнчүлүк берерин, ишкерчиликке чоң коркунуч жаратпай турганына токтолду:

“Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри болуп туруп бир Айпад сатып ала албай койдум. Менин өзүмдө Айпадым бар, бирок текшерип көрөйүн дедим. Тендер жарыялап, аны-мунусун тактап жатып, араң 17 күн дегенде алдык. Сим-картасы жок экен десем, анда ал үчүн кайра жарыялаш керек дейт. Илимдер академиясынын бир иштелгендерин, өзүбүздүн ишкерлердин бир буюмдарын алалы десек, эл аралык тендер керек экен. А аны болсо ЕАЭБдин эрежелери менен жарыялашыбыз керек. Жол курууда тендерлерди жергиликтүү ишкерлерге берели десек, дагы ошондой чет элдик компаниялар утуп кете тургандай эрежелер, биздикилердин баары экинчи аткаруучу болуп жүрөт. Эрежелерди өзгөртөлү десек парламентке барыш керек, үч ай талкуу болуп, бир-эки жыл өтүп кетет. Уруксат берсеңиздер, мына ушундай такалып калган жерлердин аттап өтүп туралы деп жатабыз. Анын баарын көмүскө жасабайбыз, Министрлер кабинети токтом чыгарат, сайтына илет, коомчулук менен кеңешип турат. Азыр болсо өкмөт аткаруучу эмес, кеңешме гана орган болуп калыптыр. Жаңы эле кеңешип, бир чечим кабыл алайын десең, бир юрист келет да, “сизди камайт” дейт. Ошо менен болду, эч нерсе чече албай олтура бересиң”,-деди ал.

Парламенттеги талкууда маалымдалгандай, эгер аталган мыйзам кабыл алынса, өкмөт Жогорку Кеңештин макулдугусуз бюджеттин 20% чейинки киреше жана чыгашасын өз алдынча аныктаганга укук алары айтылган. Өкмөт мындан башка да аракеттерди өзү жүргүзө алат.

Ушул жагдайдын өзү ишкерлерди дүрбөлөңгө салган. Алардын көбү өкмөт өзгөчө кырдаал режими кабыл алынары менен бизнестин көп тармактарына киришип, ашыкча салыктарды талап кылып, кайсы бир текшерүү чараларын баштап жиберет деп кооптонушууда. Ишкерлердин бири Гияс Халилов буларга токтолду:

“Бизге, ишкерлерге пандемия кыйла сокку урду. ЕАЭБдин алкагында болгонубузга карабай Казакстан чек араны жаап салып жатат. Орусия болсо чийки заттарга бааны көтөрүп жиберүүдө. Биз бул боюнча соода палатасы аркылуу Минсктеги сотко кайрылганбыз. Орусиялык компаниялардын баалары бир баада, биздин товарлардын өздүк наркы башка баада чыгып калып жатканы туура эмес атаандаштыкка алып келүүдө, бизди банкрот кылып жатат. Азыр эми ушундай кырдаалда бизди эмне көп кыжырдантып жатат? Анткени, сиздер участкалык милиция кызматкерлерин ишкерлерди текшерүү укугун берүүнү карап жатат экенсиздер. Бул бизди кемсинтет. Маселен, менин ишканам эч качан салык жашырбайт, акыркы тыйынына чейин мыйзамдуу иштейбиз. Анан ушундай кырдаалда токсонунчу жылдардагы жагдайга кайтып барабызбы? Мен башкалардан айырмаланып, муну жакшы билем, ал кезде биз укук коргоо органдарына караганда бандиттерге көбүрөөк ишенчүбүз. Ошондуктан муну жокко чыгарыңыздарышыңдарды талап кылам”.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров “участкалык милициялардын укугун кеңейтүү” деген бул аларга текшерүүгө укук бербей турганын билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери катталган ишкерлердин геолокациялык гана маалыматтарын тактап коёрун маалымдады.

“Салыкты өз убагында, так төлөгөн ишкерлерге эч ким басым жасабайт, алар мамлекеттин коргоосунда”,- деди Жапаров.

Мыйзамдын мыйзамдуулугу жөнүндө талаш

Чогулган ишкерлердин бир бөлүгү мыйзамга каршылыгын билдирсе, бир бөлүгү айрым пункттар алынып салынгандан кийин колдоого алса болорун айтып жатышты. Бирлери шашылыш чечим кабыл алуу арты оор болорун эскертишсе, башкалары оңдолгон документте деле коркунучтар калганын билдиришти.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин төрагасы Аскар Сыдыков жыйында буларга токтолду:

“Мыйзамдын жаңы версиясын мен бир сыйра окуп чыктым, көп талаш маселелер алыныптыр. Бирок дагы тобокелчиликтер кала бериптир. Биз бизнес коомчулук мамлекеттик саясатты администрлөөчү эмес, стимул берүүчү катары көргүбүз келерин көп айтчубуз. Бизнести салык төлөөгө мажбурлаш үчүн ага жөнөкөйлөтүлгөн шарт түзүп берүү керек. А бул мыйзамда жалаң административдик чаралар гана камтылыптыр. Бир топ коркунучтуу беренелер бар. Эң коркунучтуусу көп беренелерде көрүлө турган чаралардан сырткары “жана башка чаралар” деп көрсөтүлө берген. Буга каалаган нерсени кошуп, каалаган иштерди жасоого жол ачылып калууда. Эртең Министрлер кабинети ушул мыйзамдын чегинде кабыл ала турган чечимдерин кеңешип кабыл ала турганына кепилдик жок”.

Башында анча-мынча ишкерлер, анан Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысы Робин Орд-Смит мыйзамга камтамачылыгын билдирип чыкса, 10-августта Кыргызстандагы 70тен ашуун бизнес-ассоциациянын башын бириктирген уюм президент Садыр Жапаровго кайрылып, мыйзамга вето коюусун өтүнгөн.

“Бизнес-ассоциациялардын улуттук альянсы” уюму кайрылуусунда ишканаларды жасалма банкрот кылып, рейдерлик жол менен басып алууга, ишкерлердин көмүскөгө качышына, бизнес жүргүзүү шарттарынын начарлашына жана мекемелерде жемкорлуктун көбөйүшүнө жана башка терс таасирге алып келе турган бул долбоор кабыл алынбашы керектигин билдирди.

Уюмдун пикиринде, мыйзам долбооруна вето коюлуп, бардык тараптар катыша алгыдай талкуудан өткөрүү үчүн кайра артка жөнөтүлүшү зарыл. Аталган альянстын өкүлү, юрист Таттуубүбү Эргешбаева мындай деди:

“Акылбек Үсөнбекович өз кебинде “азыр бизде өзгөчө кырдаал бар, ошондуктан экономикалык өзгөчө кырдаал режимин киргизүү мыйзамына коомдук талкуунун кереги жок” деп айта кетти. Бул таптакыр туура эмес маалымат, коомдук талкуу болуш керек болчу. Парламенттин регламентинде да “мыйзам бир күндө үч окууда талкууланып, кабыл алынса болот” деген так көрсөтмө жок, бирок чектөө да жок. Бирок биз түшүнүшүбүз керек, бул бир эле мыйзам эмес, бул мыйзамдардын пакети. Ошондуктан бул өтө талаш маселе. Мыйзамга регулятивдик таасир этүү анализдин жоктугу, экспертиза жасалбаганы өтө чоң катачылык. Министрлер кабинети президенттик администрациянын түзүмдүк бир бөлүмү экенин түшүнөм, бирок бул аларга мыйзамга экспертиза жасатпай коюуга жана коомдук талкууга алып чыкпай коюуга укук бербейт. Бюджеттин 80% түзгөн ишкерлер алар менен сөзсүз кеңешилип, коомдук талкуудан өтүшү керек эле”,- деди ал.

Мыйзамга ылайык президент Садыр Жапаров 14 күндүн ичинде документке кол коюшу керек. Ал парламентте 29-июлда кабыл алынганын эске алсак, мамлекет башчы өз чечимин бир-эки күндө чыгарышы керек.

https://www.azattyk.org/a/ozgocho-kyrdaal-myizamy-kechikken-talkuu/31406604.html