Биз тууралуу / ММК биз жөнүндө /
Курулуш матералдарынын баасында көп өзгөрүүлөр болот

Марал Радиосу
14 июль 2015

Кыргызстан ЕАЭБ толук мүчөлүккө өткөндөн кийин айрым курулуш материалдарынын баасы арзандайт. Же тескерисинче үчүнчү өлкөлөрдөн ташылган курулуш материалдары кымбаттап кетиши мүмкүн. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыгулов “Кабар” агенттигине билдирген.

“Кыргызстанга темир, арматура, сыр, сантехникалык тетиктер Россия менен Казакстандан келет. Андыктан, ЕАЭБ шартында ал курулуш материалдарынын баасы арзандашы күтүлөт. Ошол эле учурда ЕАЭБ чегинен сырткар жактан ташылган айрым курулуш материалдарынын баасы көтөрүлүшү күтүлүүдө. Бул бажы төлөмдөрүнүн өлчөмүнө жараша болот.

Ажыгуловдун айтымында бизге сапаттуу кафелдер, түтүктөр жана башка курулушка керектүү материалдар Европадан, Түркиядан, Ирандан жана башка өлкөлөрдөн ташылат. Баалардын өзгөрүүсүнөн улам курулушчулардын кызматы менен турак жайлардын баасы да арзандап же кымбатташы мүмкүн дейт Т. Ажыгулов.

http://maralfm.kg/kabarlar-news/kush-kabarlar/29507-kurulush-materaldarynyn-baasynda-kop-ozgoruulor-bolot.html