Биз тууралуу /
ММК биз жөнүндө

7 апрель 2022
Аскар Сыдыков, Кыргызстандын эл аралык ишкерлер кенешинин аткаруучу директору: Бюджеттин 20 пайызын толтурган тоо-кен ишканаларын мамлекетке алабыз дебей, тескерисинче инвесторлорго колдоо көрсөтүшүбүз керек!
Сезилип жатат, диалог бар. Себеби, көп платформада президентке чейин, өкмөттүк деңгээлдеги дагы бизнес боюнча кеңешме бар. ЖК төрагасынын, Башкы прокуратура, ал турмак Жогорку соттун алдындагы дагы аянтчаларыбыз бар. Чакырышат, акылдашышат, кеңешишет, бирок андан толук кандуу жыйынтык чыгып жатат дегенден алыспыз.
4 март 2022
Аскар Сыдыков: Кыргызстанда азык-түлүк, күйүүчү майларга баа көтөрүлөт
Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков BULAK.KG маалымат сайтына берген маегинде Кыргызстанды экономикалык кризис күтүп турганын жана ал канча убакка созула турганы белгисиз экенин айтты.
20 январь 2022
Талаштуу салык кодекси ишке кирди
Эл аралык ишкерлер кеңешинин эксперти Жанабил Давлетбаев мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда ишкерлер коомчулугу бир топ сунуштарды бергенин билдирди. Анын айтымында, алардын негизгилери эске алынбай калды. Эксперттин пикиринде, чийки иштелип чыккан кодекс өзгөртүүлөргө дуушар болот.
21 декабрь 2021
Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын агымы көбөйдү
2021-жылы Кыргызстандан чыгып кеткен капиталдын агымы көбөйдү. Ишкерлердин кооптонуулары күн санап өсүп, мамлекеттик институттардын адилетсиз мамилеси аларды чет жакка кетүүгө аргасыз кылып жатканын айтышууда. Ушундай коңгуроо каккан ишкерлер бирикмелери мамлекеттик бийликти сапаттуу чечимдерди кабыл алууга чакырып жатат.
16 декабрь 2021
Аскар Сыдыков: Инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө салынууда
Инвестиция бизнеске эмес, негизинен пассивдүү активдерге – кыймылсыз мүлккө салынууда. Бул тууралуу 14-декабрда Economist.kg басылмасы уюштурган «Кыргызстанда инвестициялык климатты калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк барбы?» аттуу тегерек столдо Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков билдирди.
26 октябрь 2021
Жаңы салык кодекси – эмнелер өзгөртүлдү, өзгөрөт?
2021-жылдын 7-октябрында КРнын Экономика жана финансы министрлигинин сайтында жарыяланган долбоордун такталган редакциясында камтылган өзгөртүүлөр боюнча Эл аралык Ишкерлер Кеңеши бизнес-коомчулуктун атынан президентке кайрылуу жасады.
12 август 2021
Экономика: өзгөчө кырдаал мыйзамы, кечиккен талкуу
Экономика жана финансы министрлиги бизнес коомчулукту чогултуп, экономикада өзгөчө абал киргизүү боюнча мыйзамды чечмелеп берди.
23 июнь 2021
Аскар Сыдыков: “Жаңы жазылган кодекстер бизнести көмүскөгө кирүүгө же өлкөдөн чыгып кетүүгө түртөт”
Жазык кодекси, Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциялары тууралуу талкуулар улантылууда. Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков бизнес чөйрөсүнө бул жаңы кодекстердин таасири кандай болорун төмөндө айтып берди.
17 июнь 2021
Ишкерлерди чочуткан камоолор
Өткөн жылдын октябрь айынан бери кылмыш иши козголуп, камакка алынган чиновниктер менен катар ишкерлер дагы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) “кустуруу” жараянынын алкагында жоопко тартылып жатат. Бул тапта Кыргызстанга келген түз инвестициянын көлөмү 24 % кыскарып, Кыргызстандан инвестициянын чыгып кетиши өстү.
17 май 2021
Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин директору: “Өлкөнүн минералдык чийки-зат базасын толтуруу керек”
Тоо-кен тармагындагы түстүү металлдар менен алектенген, жалпы салык режиминде иштеген бир дагы ишкана киреше ала турган чекке жете элек. Салык жүгү учурда ишканалардын таза пайдасынын 17,9 пайызын түзөт. Бул өтө көп. Башка өлкөлөр менен салыштырып көрөлү.
8 май 2021
Кумтөр" доого жыгылды, акция арзандады
Жогорку Кеңеш Кумтөр алтын кенине Министрлер кабинети сырттан башкаруу киргизе ала турган мыйзам долбоорун кабыл алды. Мыйзам кабыл алынгандын эртеси Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр голд” компаниясын 261 млрд. 719 млн. 674 миң сомду мамлекетке төлөп берүүгө милдеттендирди.
31 март 2021
Аскар Сыдыков, Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору: “Бардык ишти талкуулоо менен чечүү кажет”
Биз улам жаңы Өкмөт келген сайын ишкерлердин маселесин көтөрүп, экономиканын өнүгүшүнө салымыбызды кошолу деп сүйлөшүүлөрдү жүргүзөбүз. Азыркы бийлик менен дагы кызматташып жатабыз. Коңшу өлкөлөргө – Өзбекстан, Казакстанга караганда биз, ишкерлер ар бир бийлик адамына ачык оюбузду айта алабыз.
Беттер:
1 2 3